Алай районунда «Сары-таш - 2019» тактикалык машыгуу аяктады image Фото: president.kg

22 Июль, 2019 2031

 Ош облусунун Алай районундагы «Сары-Таш» машыгуу майданында «Сары-таш - 2019» атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу  этабы өттү.  

Ага   Президент  Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүзүп,  курал-жарактар, аскер шаймандары жана согуш техникалары менен таанышты. 

Машыгуунун алкагында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттешүүдөгү даярдыкты жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча атайын операцияны ишке ашырышты. 

Өз  сөзүндө Мамлекет башчы улуттук коопсуздукту бекемдөө  өлкөнүн  ички жана тышкы саясатынын  негизги багыты экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жаткан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Иш-чарага Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Индия Республикасынын аскер атташелери, россиялык «Кант» аскерий базанын жетекчилиги жана Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрү катышты. КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин кол башчысы Алмазбек Карасартовго «Сары-Таш» машыгуу майданынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 300 миң сомдук тастыктама тапшырылды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз