Коом

Кыргызстанда келгин куштардын саны көбөйүүдө image

23 Июль, 2019 526

Кыргызстанда келгин куштардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Аталган мекемеден Кыргызстанга сейрек кездешкен 350дөн ашык жапайы канаттуулардын учуп келгени байкалгандыгын айтышты.

"Жергиликтүү куштарга аяр мамиле жасоо, үркүтүп-чочутпоо, өсүмдүктөргө кам көрүү туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат", - дешти агенттиктен.

Учурда Кыргызстанда жапайы жана сейрек кездешкен куштардын 400дөн ашуун түрү катталса, анын 57си Кызыл китепке киргизилген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз