Дүйнө жаңылыктары

Хабаровск: фонтанга түшкөн 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады image Фото: www

24 Июль, 2019 1968

Хабаровскиде  фонтанга түшкөндөн  кийин 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады. 

Бул тууралуу РИА новости жазды. Маалыматка караганда, ооруканада 19 балага медициналык жардам көрсөтулүүдө.   

Лабораториялык изилдөөлөрдүн алдын ала    жыйынтыгында, балдардын анализинен  норовирус  чыккан.  Тиешелүу органдар  аталган фонтандын иштөөсүнө  тыюу салды.  Учурда  эпидемиологиялык изилдөөлөр уланууда.  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз