Дүйнө жаңылыктары

Гурбангулы Бердымухамедов өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармала баштады image Фото: www

29 Июль, 2019 1923

 Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак  тараткандар кармала  баштады.  Бул тууралуу «Түркмөнстандын хроникасы» басылмасы  жазды.  Маалыматка ылайык,  Лебап облусунда  3 адам кармалды. 

Алар — «Түркмөнтелекомдун», суу чарбасынын жана жергиликтүү турак жай коммуналдык чарбасынын кызматкерлери. Instagram социалдык тармагында түркмөнстандык жылдыздар күйөрмандарын ушактарга ишенбөөгө чакырып жатышат. 

Ошондой эле шоу-бизнестин өкүлдөрү президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу маалымат тараткан адамдарды уяткарып, #duryalan (жалганды токтот) хэштеги менен билдирүү жарыялашты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз