Дүйнө жаңылыктары

Альтамир түрмөсүндөгү башаламандыктан 57 адам көз жумду image Фото: KTRK/videograp

30 Июль, 2019 1515

Бразилиянын түндүгүндөгү Альтамир түрмөсүндө кармалгандар менен уюшкан кылмыштуу топтун ортосундагы кагылышуудан 57 адам көз жумду. Анын 16сынын башы алынганын абак жайдын кызматкерлери билдиришти. Пара штатынын түрмөсүнүн жетекчилиги билдиргендей, мушташ дүйшөмбүнүн таңында башталган.

"Командо Класс А" деп аталган жергиликтүү кылмыш топтун лидери өзү жаткан абак жайынын көзөмөл камераларын өрттөп жиберген. Кармалгандар эски контейнерлерде жаткандыктан өрт тездик менен жайылып, полиция имараттын ичине кире алган эмес. Айрымдар түтүнгө ууланып көз жумса, кээ бирлеринин баштары алынган. Бирок азыр абал турукташты деп айтты Альтамирдин адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы.

Баш аламандык учурунда түрмөнүн эки кызматкери барымтага алынган, бирок кийинчерээк коё берилген.

Түрмө жетекчилигинин маалыматы боюнча, 46 соттолуучу башка абак жайларына которулат, анын 10у федералдык мекемелерге жиберилет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз