Дүйнө жаңылыктары

Пакистанда аскер учагы кулап, 19 киши каза болду image Фото: www

30 Июль, 2019 1461

Пакистанда аскер учагы кырсыкка учурап, 19 киши каза болду, дагы 16 адамдын  жаракат  алганын  Dunya News  телеканалы  кабарлады. Буга чейин  12 киши каза  болгондугу айтылган. 

 Алардын арасында  жергиликтүү тургундар  бар экендиги белгиленди. Пакистандын  авиациясына тиешелүү аба кемеси  машыгуу учурунда  жерге кулап, өттөнгөн.  Тутанган өрт  кырсыгынан  аймактагы бир нече турак-үй зыянга учураган.  Азырынча анын себептери  айтыла элек.   

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз