Коом

Ноокат шаарында тротуарлар оңдолууда image

31 Июль, 2019 363

Ноокат шаарында унаа жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, жолдор кеңейтилип, тротуарлар оңдолууда. Бул тууралуу Ноокат шаардык мэриясынан билдиришти.

Учурда шаардагы борбордук көчөлөрдүн бири болгон Ленин көчөсүнүн батыш тарабындагы тротуар оңдолуп, асфальт төшөлүүдө. Курулуш иштерине 700 миң сом каралган. Буга чейин жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып баштаган. Жумуштар толук жыйынтыктала элек. Ошондой эле үйлөргө номурлар орнотулуп, тактоо иштери жүрүп жатат.

«Ушул жылдын 1-сентябрына чейин 2020-жылдын бюджети каралып, кийинки жылы шаардын негизги көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо маселеси каралат. Курулуш иштери шаардык бюджеттен каржыланууда», - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз