Sports

Дзюдочу Шахида Нармухамедова Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль алды image Фото: фото sport.akipress

31 Июль, 2019 432

Кыргызстандык дзюдочу Шахида Нармухамедова Кытайдын Тайбэй шаарында өспүрүмдөр арасындагы Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль алды.  Ал 78 килограмм салмактан жогорку категорияда күч сынады. Алгачкы кармашууда Шахида моңголиялык  атаандашына утулган.  Бирок  тайбэйлик Я-Тинг Чуангды жеңип алып, коло медаль тагынды. Шахида Нармухамедова жаштар арасында күмүш медаль  алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз