Илим жана билим

Айфонду электр тогу менен кубаттап жаткан учурда колдонуу кооптуу image

26 Апр, 2016 1021

iPhone электр тогу менен кубатталып жаткан учурда аны  колдонуу коопту.  Адистердин айтымында мындай кырдаал адамды өлүмгө алып келиши дагы мүмкүн. Анткени заряд алып жаткан телефондон ток согушу мүмкүн. Себеби буга чейин Кытай жана Малазиядан адам өмүрүн алып кеткен учурлар катталган. Компания өкүлдөрү болсо жабдыктарды сыноодо адам саламатчылыгы үчүн коркунучу бар экендигин билип,  сатыка чыгара берген.  Буга байланыштуу адистер телефон электр тогу менен кубатталып жаткан учурда сүйлөшмөк түгүл, такыр колдонбоону сунуштайт. Ошондой эле телефонго электр кубаттагычтарын сатып алууда оригинал жабдыктарды алууну эскертет.

Күндүн нурунан энергия алып учкан учак дүйнөнү багындырууда. Solar Impulse 2 деп аталган учак өзүнүн сапарын өткөн жылы  Абу-Дабиден баштаган.  Азыр АКШнын Калифорния штатына келди. Учактын канатынын узундугу 72 метр, салмагы 2,5 тонна. Ал саатына 140 чакырым ылдамдыкты багындыра алат. Учактан түтүн чыкпайт жана катуу үн чыгарбай учат. Анын канатына атайын күндүн нурунан электр тогу ала турган жабдыктар орнотулган. Аны Бертран Пикар менен швейцариялык инженер Андре Бербер кезектешип башкарышууда. Бир тамчы дагы күйүчү май талап кылбаган бул учак Нью-Йоркко андан соң Европаны багындырып Абу-Дабиде жыйынтыкталат. Адистер бул экологияга зыян келтирбеген учакты келечектин техникасы дешүүдө.

Жер бетиндеги температуранын көтөрүлүшүн эски токойлор жайлатат.Мындай билдирүүнүн бир катар изилдөөлөрдөн кийин АКШнын Орегон  штатынын окумуштуулары айтып чыгышты.  Алардын жыйынтыгына ылайык көп жылдык токойлор абанын температурасын салкын кылып сактай алат. Изилдөөдө 2012-13-жылдары  дүйнө жүзүндөгү 183 токойдон тиешелүү маалыматтар чогултулган. Анда ошондой эле  далдоо жерде жайгашкан токой ачык жердегиге салыштырмалуу аба температурасын төмөн кыла алары аныкталган. Буга байланыштуу окумуштуулар климаттын кескин өзгөрүшүн токтотууда көп жылдык токойлор орду чоң экендиги белгилешүүдө.

Токиодо 2020-жылы өтө турган жайкы олимпиадада акылдуу автобустар кызмат көрсөтөт. Япония өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык коомдук транспорттор програмалаштырылат. Автобустар спорттук иш-чаранын конокторун олимпиадалык кыштактан метро жана темир жол станцияларына ташыйт. Акылдуу автобустар автономдуу жүрүп, жол кырсыктарын болтурбоо үчүн ылайыкталып жабдылат. Аны менен биргеликте акылдуу жол чырактарды коюу дагы  мерчемделүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз