Укук коргоо

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев тууралуу түшүндүрмө берди image Фото: www

3 Авг, 2019 831

 Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суракка чакырылышы боюнча кенен түшүндүрмө таратты. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды. Анда азыркы учурда Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү кылмыш ишинде зарыл экени айтылат.

“Атамбаев ар кандай себептер менен сурак берүүдөн баш тартып жатат. Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн сурак боюнча тергөө органдарына берген сунушу мыйзам бузууга жатат. Тергөө иштерин Жазык-процессуалдык мыйзамдарынан тышкары жүргүзүүгө болбойт. Атамбаев тергөө иштери ар тараптуу, ачык-айкын жүрүшүн кааласа, күбө катары суракка келип, иш боюнча билген маалыматтарын айтып бериши керек”, - деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Башкы көзөмөл орган күбө тараптын Конституциялык палатага кайрылуусу тергөө иштеринин жүргүзүлүшүн токтото албасын белгилейт. Кыргызстандын аймагында кылмыштын сотко чейинки өндүрүшү Конституциянын жана Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде ишке ашарын билдирген. Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев Жазык-процессуалдык кодексинин 82-беренесине ылайык чакырылганын белгилейт. Ошондой эле күбө жөнүндө ушул эле кодекстин 58-беренесинде "жазык иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүү үчүн чакырылган адам күбө катары таанылат", - деп жазылганын кошумчалаган.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келет. Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштаган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз