Балдар

Сириядагы кыргызстандык балдарды кайтаруу аракеттери көрүлүүдө image Фото: www

5 Авг, 2019 814

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ирак Ислам Республикасында жана Сирия Араб Республикасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны болгон балдарды кайтарып келүү боюнча  иштерди  жүргүзүүдө.   Бул  тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн  билдиришти. 

Маалыматка  карагнда, Сирия Араб Республикасынын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» кармалып жаткан жана Ирак Ислам Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер-министр  Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылууда.  Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп,  Кыргыз Республикасынан Ирак Ислам Республикасына чартердик рейсти уюштуруу маселеси чечилген. Мындан тышкары Ирак Ислам Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору  Өкмөттүк Аппаратта каралып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз