Кырсык

Өрт чыккан Дордойдогу кампа өзгөчө көзөмөлгө алынды image Фото: Sputnik Кыргызстан

5 Авг, 2019 395

Дордой-1 конушундагы тиричилик техникасы сакталган кампадан өрт  чыккан  жер өзгөчө көзөмөлгө  алынды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Биринчи радиого”  маалымдашты. 

Белгилей кетсек, кырсык  4-августта кечки саат 19.45те  орун алган.  Алдын ала алынган маалыматка ылайык, болжол менен 1,5 миң чарчы метр аянт жер күйгөн. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.  

Кырсык орун алган жерде “Тез жардам” кызматынын бир бригадасы иштеп, айрым жарандарга медициналык чукул жардамдар  көрсөтүлгөн. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз