Илим жана билим

Балдарды эрте куракта китеп окууга кызыктыруу аракеттери image Фото: www

7 Авг, 2019 631

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте аймактык китепканалардын базасында эрте куракта өнүктүрүүнүн пилоттук борборлорун түзүү Концепциясы, Иш-чаралар планы жана китепканачылар үчүн окуу модулу бекитилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн балдарды өнүктүрүү борборлорунун туруктуу иштөөсү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды. Концепцияны иштеп чыгууга ЮНИСЕФтин  эксперттери  катышышкан.

Алтынай Өмүрбекова  билдиргендей,  Өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин 80% балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу милдети коюлган. Бул үчүн биз бала бакчалардын, энелер мектептеринин, китепканалардын жана башка мүмкүн болгон аянттардын базасында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана мамлекеттик социалдык буйрутма принциптерин колдонуу менен ар кандай альтернативдик варианттарды пайдалануу каралган.

Учурда республиканын ар бир облусунда 9 аймактык китепканада пилоттук режимде мындай борборлор ачылган. Алар өнүктүрүүчү окуу материалдары менен жабдылып, китепканалардын кызматкерлери балдар менен иштөө боюнча атайын тренингден өтүшкөн. Бул борборлор 400 баланы  камтыйт.  Алдыда  мындай борборлорду дагы 40 аймактык китепканада ачуу пландаштырылууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз