Коом

Президент жер тууралуу актыларга өзгөртүү киргизди image Фото: www

7 Авг, 2019 355

Президент  Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш  тармагындагы  башкы   көйгөйлөрдүн  бири катары республиканын  региондорундагы телекоммуникациялык инфратүзүмдүн  бирдей эмес өнүгүүсү белгиленген. Бул  түздөн-түз интернеттин начар жана региондордун маалыматтык жактан теңдешсиз болушуна алып келүүдө.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн  «Ишеним жана биримдик» программасына ылайык республиканын аймагынын 85 пайызын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу милдети  коюлган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз