Коом

УКМК: туткунга алынган аскерлер катуу сабалган/ Ф.Ниязовго жооп image Фото: www

8 Авг, 2019 421

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун айткандарына жооп берди.

УКМК өзүнүн соңку билдирүүсүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октор менен атайын каражаттар гана колдонулганын кайталады. 

Мындан сырткары атайын кызматтын аскерлери Атамбаевдин үйү тарабынан атылган аскер огунан жарадар болушту. Алган жараатынан бир аскер ооруканада каза болду. Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган. Атамбаевдин тарапташтары тирүү тосмо катары аялдар менен балдарды пайдаланышкан, - деп билдирди атайын кызмат. 

УКМК «барымтага алынган кызматкерлерди өздөрүнүн эле кесиптештери таштап кетти» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекеме Фарид Ниязовдун билдирүүсүн «аскердин өлүмү боюнча жоопкерчиликти тартип коргоо органдарына жүктөө аракети» деп баалады.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз