Илим жана билим

Мектептерде интернет жеткиликтүү болушу үчүн 300 миллион сом бөлүндү image

27 Апр, 2016 593

Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясы орто мектептердин интернет жана телеберүүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн 300 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 26-апрелде Улуттук илимдер академиясында өткөн “Физико-техникалык проблемалар жана материал таануунун бүгүнкү күндөгү абалы” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Аталган конференция академик Кубанычбек Жумалиевдин Кыргызстандын илим изилдөө тармагындагы 40 жылдык илимий ишмердигине арналып уюштурулган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз