Маданият

Кыргыз радиосу 1970-жылдардан баштап жаңы баскычка көтөрүлгөн image

27 Апр, 2016 557

Кыргыз радиосу 1970-жылдардан баштап жаңы баскычка көтөрүлгөн. Жаңы жабдуулардан келиши менен чыгармачыл жамааттын да катары өскөн.  Бир катар жаңы аталыштагы  радио уктуруулар эфирге чыгарылган.

Чын, ХХ кылымдын 70-жылдары кыргыз радионун тарыхына чыйыр салган мезгил болгонун белгилеп кетсе болот. Ошол жылдары көчмө үн жазуу техникалары республикага келип  ири жыйын, салтанат, маараке, маанилүү окуялар ошол техниканын жардамы менен магниттик тасмага таза жазылган. Айталы республикалык деңгээлдеги даталуу учурлар, курултай, плениумдарды тасмага өз маалында жаздырууга мүмкүндүк жаралган. 

 Мындан сырткары “Театр микрофондо” деген рубрика боюнча театрга коюлган спектаклдер, чоң программадагы концерттер жазылып алынган. Мындай жөрөлгө облустардын борборлорунан да жаздырылган. Ошол 70-жылдары “Кутмандуу болсун күнүңөр” адабий музыкалуу программасы калктын күтүп уккан уктуруусуна айланган. 

1975-жылдын 1-январында республикабызда радиону кабылдап, кайра алып уктуруучу радио түйүндөр 318ге жеткен. Анын 234ү Кыргыз ССРнин байланыш министрлигине, 84ү колхоз жана башка мекемелерге караган. Зым тартылып иштеген уктуруулар 1376 элдүү пункттарды камтып калган. Республиканын 34 райондорунун он бешин радиолоштуруу толугу менен бүткөрүлөт. 

Ошол учурда эл арасында 500 миң радио магниттофондор пайдаланылганын өткөңдүн барагы ырастап келет. 

1975-жылдын август айында Кыргызстан КП БКнын атайын токтому менен кыргыз радиосунун редакциялары биригип иштөө жолуна өткөрүлгөн. Демилге ээси Бүткүл союздук телерадио комитетинин жетекчиси болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз