Саясат

Турсунбеков ЖКнын төрагалык кызматына шайланды image

27 Апр, 2016 424

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына шайланды. Бүгүнкү добуш берүүдө ага депутаттардын 88и колдоо көрсөттү. Жаңы спикердин таржымалына кайрылсак, ал саясатка аттанганга чейин ишкерлик менен алектенген.

Парламент төрагалыгына бул ирет да эки талапкер көрсөтүлгөн. Бирок, 20-апрелдегидей тең чыгуу болгон жок. Жыйынтык чыгарууда да эсептөө комиссиясы көп күттүрбөдү. 

Өз фракциялаштары тарабынан спикер шайлоодо атаандаштык болушу керек деген жүйөө менен сунушталган талапкер Исхак Масалиев 26 добушка ыраазы. Ал шайлоо таза өткөнүн белгилеп, жаңы төраганы куттуктады.

Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков жаңы шайланган Чыныбай Турсунбековду спикердин креслосуна коштоп барып отургузду. Эл өкүлдөрүнө ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, төрага өз милдеттерин так аткараарын, кыргыз парламентаризминин өнүгүүсүнө салым кошоорун убада кылды. Турсунбеков добуш берүүнүн алдында өз программасы менен тааныштырып жатып, Жогорку Кеңештин эл аралык аброю арта баштаганын белгилеген. Мыйзамдардын сапатынан тартып, алардын аткарылышына чейин да маселе бар деген пикирде. 

Жаңы төрага 56 жашта. Саясатка 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун шарапаты менен келип, ошол эле учурдан тартып социал-демократтар фракциясын башкара баштаган. Ага чейин ишкерлик менен алектенчү. Бизнестеги ийгиликтери түрк өнөктөштөрү менен кызматташтыгынын жемиши экени эл арасында айтылып жүрөт. “Акун”, “Бишкек ун комбинаты” өңдүү ишканаларды башкарган. Депутаттыкка шайланганга чейин Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин президенти катары белгилүү болчу. Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Турсунбеков бизнестеги кызыкчылыктарын калкалабаса эле спикерлик кызматты татыктуу аркалай алат деген ишенимде.

Бирок, ишкерлик  Турсунбековдун саясатка чейинки басып өткөн жалгыз жолу эмес. Ал билим берүү тармагында да эмгектенип, филология илимдеринин кандидаты болууга жетишкен. Аздыр-көптүр адабий чыгармалары бар. Журналисттик ишмердүүлүктө да өзүн сынап көргөн. Ошол себептүүбү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен баарлашууга дайым даяр.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз