Коом

Кыргызстандагы ишканаларда кырсыктан жылына 50гө жакын адам каза болот image

6 Янв, 2016 1089

Кыргызстандагы ишканаларда техникалык коопсуздук сакталбагандыктан, кырсыктан жылына 50гө жакын адам каза болууда. Бул тууралуу Тоо-кен-металлургиялык профсоюздар бирикмеси билдирди. Өндүрүштө, курулушта жана ар кандай  өнөр-жай ишканаларында техникалык коопсуздук чаралары көрүлбөгөндүктөн жумушчулар жаракат алып жана каза болгон учурлар көп кездешүүдө. Адистер муну ишканалардын адам өмүрүнүн коопсуздугуна жасаган шалаакы мамилесинен дейт.

Кыргызстанда тоо-кен, курулуш, энергетика жана ар кандай өнөр-жай тармактарында иш алып барган ишканалар техникалык коопсуздукка көңүл бурбайт. Анын кесепетинен жылына 130дан ашуун кырсык катталып, 50гө жакын жумушчу каза болсо, 100 дөй жаран ар кандай оор жаракаттарды алган.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын маалымат катчысы Анарбек Абазбековдун айтымында, жарандардын эмгек укугун бузган учурлар көбүнчө кичи өнөр-жай жана курулуш ишканаларда болууда. Инспекторлор каалаган учурда барып текешрүүгө укутары жок. Андыктан айрым ишканалар техникалык коопсуздук маселесин көз жаздымына калтырып жатат. Буга жумушчулардын да өз укуктарын билбестиги, жумуш берүүчүдөн коопсуздугун талап кыла албагандыгы да себеп болууда.

Ал эми "Кумтөр Оперейтинг компани" баш болгон ири уюмдарда тартип жакшы сакталат. Кырсык көбүнчө көмүр казылуучу шахталарда, өз алдынча кен казган жеке жарандардын арасында болууда деп кошумчалады Анарбек Абазбеков.

Адам өлүмү менен коштолгон өндүрүш кырсыктарынын себеп жеке  коргонуу үчүн керектүү материалдар менен камсыз кылбагандык жана жумушчуларды техникалык коопсуздук тууралуу окутуп үйрөтпөгөндүк болууда. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Алтынбек Жунус уулунун пикиринде айрым ишканалар кирешелерин көбөйтүү максатында жумушчулардын коопсуздугуна атайын каражаттарын бөлбөй жатат. Жумушка аларда милдеттүү түрдө үйрөтүү сабактарынын өткөрүлүшүн тиешелүү бийлик органдары көзөмөлгө алуусу керек.

Ал эми серепчи Маркель Ибраевдин айтымында, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясына чоң укуктарды берүү менен ишканаларга көзөмөл кылуу керек. Инспекторлордун укугу чектелип калган. Коопсуздукка көзөмөл күчөтүлдү дегени иш ордунда жаракат алгандардын көрсөткүчү азайбай жатат.

2014-жылы өндүрүштө жалпысынан 159 кырсык катталып, 60 жакын адам каза тапкан. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатат. Серепчилердин пикиринде өлкөдө иштеген жарандардын 60% көмүскө экономикада иш алып барып, жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишими, социалдык төлөм сыяктуу укуктук документтери жок иштеп жүрөт. Эмгек кодекси боюнча адам жумуш убагында ишкананын күнөөсүнөн улам каза тапса, компания каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык маянасын бир жолу төлөп берүүгө милдеттүү. Эгер маркумдун 18 жашка чыга элек балдары болуп, аялы иштебесе, анда каза тапкан адамдын ар айлык маянасы ар бирине бөлүнүп берилет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз