Коррупция

Бишкектеги жер өтмөктөрдүн оңдоо иштери боюнча кылмыш иши козголду image Фото: www

21 Авг, 2019 283

Бишкек мэриясына караштуу жер алданынан  жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү  өтмөктөрдүн капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө иштин баасын жогорулатуу фактылары  аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бул иш боюнча 2019-жылдын 14-августунда Бишкек шаарынын прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Бишкек шаардык  прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана  Чүй проспектилериндеги жер алданынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн жана ошондой эле Курманжан Датка (Аламедин базары) жана  Шабдан баатыр (Мадина базары) көчөлөрүндөгү жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарына текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген. Ошентип жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнүн негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери  дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Сотко чейинки өндүрүш иши учурда КР УКМК өткөрүлүп берилди.Тергөө жүрүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз