Дин

Мусулмандар АКШнын аймагына кирбей калышы мүмкүнбү? image

6 Янв, 2016 404

Америкалык миллиардер, президенттикке талапкер Дональд Трамп мусулмандарды АКШнын аймагына киргизбөө тууралуу ураан камтылган жарнамалык роликти телеканалдарга сунуштады. Ошондой эле тасмада Мексика менен чектешкен жерде өз каражатына дубал кураары да айтылат. 30 секунддук видео Сан-Бернардинодогу террордук актыны жана Мексикадан келген мыйзамсыз мигранттардын агымын эске салат. Дональд Трамптын мусулмандар тууралуу өткөн айдагы билдирүүлөрү сынга кабылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз