Илим жана билим

Япония: тамак даярдоочу робот чыгарылды image

28 Апр, 2016 990

Японияда ачыла турган жаңы парктын меймандары роботтордун колунан жасалган тамактардан ичүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. «Роботтордун падышачылыгы»-деп аталган  көңүл ачуучу паркта роботтор гана кызмат көрсөтүшөт. Аны Япониянын Нагасаки шаарында куруу мерчемделүүдө. Ал жакта суусундуктарды жана тамак-аштарды роботтор жасашат. Андан сырткары «Хенн-на» мейманканасына түнөп кетүү сунушталат. Мейманканада ар бир кардарды өз-өзүнчө роботтор тейлейт. Элестеткиле ошондой эле администратордун ишин дагы роботтор аткарат.

Дүйнө жүзүндө биринчи жолу акыл менен башкаруусунда  дрондордун жарышы болду. Аны адам колун кыймылдатбастан башкарууга  болгон атайын программанын жардамы менен ишке ашырган.  Мелдеш АКШнын  Флорида Университетинин студенттеринин арасында өткөн. Дрондор башка ыкма менен учпайт. Бир гана акыл менен гана учурууга болот. Таймашууда катышуучулар отургучка отуруп алып мониторду карап башкарган. Аларга мээнин канчалык деңгээлде иштеп жаткандыгын көзөмөлдөгөн атайын баш кийин кийгизилген. Катышуучулар жеңишке жетүүсү үчүн дронду  көздөгөн жерине түз учуруп жеткирүү милдети коюлган.

Вашингтон Университетинин  студенттери сүйлөй албагандар үчүн жаңы мээлей иштеп чыгышты. Аны жардамы менен колдун жаңсоолорун түшүнбөгөндөр чечмеленишин уга алышат. Жабдык колдун кыймылын анализдеп, маалыматты компьютерге жиберет. Ал атайын алгоритмдер менен чечмеленет. Мындай соң колу менен эмнени айткысы келип жаткандыгын угуп түшүнсө болот. Мээлейде зымдар жана датчиктер орнотулган. Ал ыңгайлуу жана күнүмдүк жашоодо колдонууга болот. Студенттер ойлоп табуусу үчүн 10 миң доллар гран утуп алышкан.  Эми ойлоп табуу көп санда чыгарылат.

Кытайлык ишканалар өндүрүштү акырындык менен роботтоштурат. Мындай кадамга алар даярдалган продукциянын баасын төмөндөтүп, ошол эле маалда өндүрүмдүүлүктү көбөйтүү үчүн барышууда. Жыл аягына чейин заводтордогу жабдыктардын үчтөн экисин жаңыртуу мерчемделген.

Мындай тажрыйбаны Япония айыл чарба тармагында колдонууну чечти. Эми дыйкандарды роботтор алмаштыра баштайт. Бул аракеттер азык-түлүк каатчылыгынын алдын алуу максатында болуп жатат. Аны ишке ашыруу үчүн япон бийлиги 20 жаңы типтеги роботторду иштеп чыгууга 36 млн доллар өлчөмүндө акча бөлдү. Кошумчалай кетсек учурда бул жакта  айдоочусуз башкарылган тракторлор дагы талаада иштеп келет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз