Укук коргоо

28-апрель-эмгекти коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү image

28 Апр, 2016 2275

28-апрель эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда  расмий маалымат боюнча эмгекке жарамдуу 2,5 миллион адам бар.  Профсоюз уюуму  алардын  70 пайызы эмгек келишими жок иштеп жатышканын белгилейт. Кыргызстанда  эмгекчилер тоо кен  жана энергетика тармагында көп кырсыка учурап жатат. 2015- жылы эле бул чөйрөдө 18 кырсык катталып,10 өлүм менен аяктаган.

Кыргызстанда эмгекчилердин укугун коргогон эң ири бирикмеси Кыргызстан профсоюуздар федрерациясы.  20 тармактык комитеттен, 6 облустук   кеңештен жана аймактык бөлүмдөрдөн турат. 740 миң  мүчөсү   бар.  Ар жылы уюумдун борбордук аппаратына 1,5 миң расмий арыз, 3 миңдин тегерегинде оозеки түрүндө кеңеш алуучулар кайрылат. Өткөн жылы жалпысы эмгекчилердин 100 миллион сомдун тегерегиндеги эмгек маяналарын өндүрүп беришкен.  Республикалык профсоюуздар федерациясынын төрагасынын орун басары  Жээнбек Осмоналиевдин белгилөөсүндө иш берүүчүлөр  эмгек келишимдерин түзүүгө кызыктар эмес, эмгекчилер болсо өз укуктарын билбейт.

Эмгекти коргоонун бүткүл  дүйнөлүк күнү Кыргызстанда 2008- жылдан бери белгиленип келет.  Ал эми БУУ маалыматы боюнча жылына 2,5 миллион адам  өндүрүш үстүндө ар кандай кырсыктардан,  адистиги боюнча оорулардан  улам өмүрү менен кош айтышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз