Бишкекте логистикага багытталган эл аралык конференция өтөт. 18-майдан 20-майга чейин боло турчу Эл аралык конференция логистика боюнча билимди студенттердин арасында кеңири таратуу жана мыкты адистерди даярдоо, ошондой эле ишкерлерге атайын профессионалдык билим берүүгө багытталган. Жыйында ошондой эле академик жана мамлекеттик кызматкерлерге логистика боюнча стратегия жана консультативдик жардам берүү боюнча талкуулар болот. Уюштуруучулардын бири Искендер Шаршеевдин айтымында “өлкөдө чоң логистикалык борборлор бул Дордой менен Кара-Суу базары болуп саналчу. Анын соода жүгүртүүсү 5 млдр долларга чейин жетчү. Тилекке каршы акыркы жылдары бул көрсөткүч кескин түрдө азайып кетти. Демек, мындан улам Кыргызстанда логистикалык тармакты колдоо керек деген бүтүмгө келдик”, - дейт ал.