Илим жана билим

Эми ЖОЖдор контрактын өлчөмүн өздөрү бекитет image

28 Апр, 2016 803

Жаңы окуу жылынан баштап Жогорку окуу жайлар контрактын өлчөмүн өздөрү бекитет. Буга чейин ал  монополияны жөнгө салуу агенттиги менен макулдашылып келген. Билим берүү системасындагы  бул өзгөрүү ЖОЖдордогу атаандаштыкты жана билим сапатын  жогорулатуу максатында болгон. Бирок монополияны жөнгө салуу агентиги тарабынан  контрактын өлчөмү жылына бир жолу көзөмөлдөнүп турат. 

Өкмөттүн 11-апрелдеги токтомуна ылайык, жаңы окуу жылынан тарта Жогорку окуу жайлар келишим акыны Монополияны жөнгө салуу кызматы менен макулдашпай, өздөрү аныкташат. Бул – окуу жайлардын атаандашуусу аркылуу билим берүүнү жакшыртуу максатында болуп жатат. Анткен менен окуу жайлар өздөрү каалаган бааны коё албайт. Келишимдин акысы университет тарабынан студентке жумшалчу каражаттын өлчөмүнө карап аныкталат. Аларды жылына бир жолу монополияга каршы кызматы көзөмөлдөп турат.

Контрактын көтөрүлүшүнө жараша ЖОЖдорго да шарттарды түзүү талаптары коюулду. Эгерде студент төлөгөн каражатка окуу жайдын материалдык базасы ылайык болбосо, ал акча кайтарылат. Бирок адистердин айтымдарында азыркы контракт менен жаңы окуу жылындагы өлчөмүндө чоң айырмачылык болбойт.

Билим берүү системасындагы мындай реформанын жүрүп жатканын талдоочулар жакшы деп баалашууда . «Өлкөдө жогорку окуу жайдын саны көбөйүп, сапатына келгенде аксап жатышат. Эми билим бере албаган кичине ЖОЖдор өздөрү эле азайа баштайт»- дейт экономикалык талдоочу Эркин Абдразаков. «Бирок мугалимдер татыктуу билим бере алышабы»- деген суроо туулат дейт.

Бул ыкма башка өлкөлөрдө колдонулуп, оң жыйынтык берген. Бирок экинчи тарабы окуу жайлар чыгымдын көлөмүн жогору көрсөтүп, коррупциялык иштер болушу мүмкүн. Азырынча бир да жогорку окуу жай келишим баанын өлчөмүн айта элек.

Асанбек Пазыл, “Биринчи радио”, Ош

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз