Коом

Ошто Токтогул паркы пайдаланууга берилди image Фото: Osh Meriya

2 Сент, 2019 128

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов паркы толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Майрамдык салтанат аталган паркта белгиленип, салтанатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, ЖКнын бир канча депутаттары жана шаар тургундары катышты. 

Токтогул Сатылганов атындагы парктын аянты 9 гектарды түзөт. Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жеке ишкерлер да колдоо көрсөткөн. Паркка 40тан ашуун камера ОБСЕ тарабынан коюлуп, коопсуздук жагы каралган.

Оргумага кыргыз аялдын элеси айкели тургузулуп, таш менен Улуу Жибек жолунун көрүнүшү чагылдырылган.

Түнкү жарыктандыруу иштери аткарылып, ирригациялык лотоктор жаңыланган. Балдар үчүн жайкы сахна курулуп, ишкерлер тарабынан отургучтар орнотулуп берилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз