Балдар

Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды image

3 Сент, 2019 229

Жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны азайды. Бирок, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны көбөйдү. Бул туурасында ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин жыйынында Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Ал белгилегендей, бул көйгөй олуттуу маселелерди жаратууда.

Мындай абалды деталдуу талдоо жана көрүлгөн чараларга карабастан, кылмыштардын саны өсүп жатканын түшүнүү кажет. Балдардын коопсуздугу маселеси райондордун жана облустардын жетекчилеринин жумушчу кеңешмелеринин күн тартибине туруктуу негизде киргизилиши керек - деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр балдарга карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана бардык коммуникациялык ресурстарды колдонуу менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз