Коом

Ошто ипотекалык турак жай курула баштады image

3 Сент, 2019 326

 

Ош шаарында короосу, үйдүн кире бериши күн энергиясы менен жарыктандырыла турган ипотекалык турак жайдын курулушу башталды. Үй  80 батирлүү  болот, 9 кабаттан туруп, жер төлөсүндө унаа токтотмосу жайгашат. Тендердик баасы 166 млн. 850 миң сом. 

2021-жылы пайдаланууга берилет. Программа июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдөн арткан батирлерди сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.

Батирдин чарчы метри 320 доллар, жылдык пайыздык үстөгү 6% болоору айтылды. Аны Ош шаарында каттоодо турган, турак жайы жок тургундар менен мамлекеттик кызматкерлер ала алышат. Үйдү бөлүштүрүү жана берүү боюнча атайын комиссия түзүлөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз