Экология

Ала-Арча суу сактагычындагы окуя боюнча комиссия түзүлдү image

3 Сент, 2019 138

Ала-Арча суу сактагычындагы балыктардын зыянга учураганын териштирүү үчүн атайын коммисия түзүлдү. Бул тууралуу Экология боюнча коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров билдирди.

“Алдын-ала маалыматтар боюнча Ала-Арча суу сактагычында калдык сууларын коё берген учурда балыктар өлгөн. Суу сактагыч Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин көзөмөлүндө. Ал эми суудагы балыктар боюнча “балык өстүрүү максатында пайдаланса болот” деп өкмөттүн токтомунда бекитилген. Ошонун баарын дыккат иликтеп, тыянак чыгаруу үчүн коммисия иш алып барат”.

Учурда социалдык тармактарда суу сактагычта суунун көлөмү азайып, кир суу турганын жана миңдеген балыктар калкып чыгып калганы тууралуу видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз