Коом

Жалал-Абад облусу: сай суусуна кошулган майдын көлөмү көбөйдү image

29 Апр, 2016 375

Жалал-Абад обулусунун Майлуу-Суу шаарынын тургундары сай суусуна кошулуп жаткан майдын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө деп тынчсызданып келишет.Бул нефти кошулуп жаткан суудан мал жандыктар ичип эле тим болбостон,жайкысын жаш балдар да чөмүлөт. 

Мадиев Кадырмамат Майлуу-Суу шаарында жашаганына 57 жыл болгон.Ал мындагы аккан сай суусуна кошулуп жаткан кара майдын көлөмү акыркы эки үч жылда көбөйүп жатканын көрүп тынчсызданат.Бул суудан мал жандыктар анан калса жайкысын суу тунуган кезде балдарда чөмүлөт.

Ал эми шаар жетекчилиги бул маселени жөнгө салуу үчүн өз аракеттерин да көрүшкөн.Бирок сууга кошулуп жаткан майды (нефтини) токтотууга мүмкүн болбогондуктан маселени чечүүгө тийшүү адистерге жана бир катар министирликтерге да кат жолдошкон. Санитардык эреженин мыйзамдары боюнча нефти калдыктары сайдын суусуна кошулууга жол берилбейт. Бирок кошулуп жаткан майды токтотууга мүмкүн болбогондуктан шаардык ооруларды алдын алуу жана санэпидем кызматы ай сайын сайдын суусунан лабароториялык текшерүүдөн өткөрүп турат. Бул сай суусунан Ноокен районун айрым аймактарындагы дыйкандар да эгин талаасына пайдаланат. Ал эми жергиликтүүлөр бул маселеге тезинен чара көрулсө дешет. Бирок бул суу менен аралышып жаткан майдын маселе качан жөнгө салынат азырынча белгисиз.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз