Коом

Премьер билим берүү министри Каныбек Исаковду жамаатына тааныштырды image Фото: KTRK/videograp

12 Сент, 2019 165

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковду тааныштырды. 

Өкмөт башчы айткандай, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап билим берүү тутумун түзүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп саналат. Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, билим берүү тутумунда маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды киргизүү жана билим берүүгө инвестиция салууну активдештирүү зарыл экендигин баса көрсөттү. 

«Ошондой эле мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жолу менен билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зор мааниге ээ. Биз билим берүүгө каражат жумшоо аркылуу келечекке салым кошобуз. Билим берүүгө жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономика жана күчтүү социалдык чөйрөнү камсыз кылат», – деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз