Өзгөчө кырдаал

Калың карда калып калган чабандар куткарылды image Фото: МЧС КР

16 Сент, 2019 198

Шамшы жайлоосунда калың кар жаагандан кийин байланыш үзүлүп, дайыны билинбей жаткан 9 чабан толугу менен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  маалыматына ылайык,  Кегети капчыгайына алар  14-сентябрь  күнү  түшкөн. Чабандар менен байланыш болбой жатканы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин ӨКМдин Ысык-Атадагы куткаруучулары жана жайыт комитетинин өкүлү  Кегети капчыгайы аркылуу чыгып кетишкен.

Эске салсак,  биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бийик тоолуу жайыттардагы жарандарга жардам берүү, ири мүйүздүү жана майда мал-жандыгын баккандарды ылдый түшүрүү боюнча маселени караган жыйын  өткөргөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз