Коом

Жаза аткаруу системадагы тобокелчиликтер боюнча форум башталды image Фото: www

17 Сент, 2019 178

 Бүгүн Кой-Таш айылындагы Жаннат  мейманканасында  «Борбор Азия: Заманбап чакырык жана пенитенциардык системадагы тобокелчиликтер» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык  форуму  башталды.   Бул тууралуу  “Биринчи радиого ” Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  билдиришти.  

Иш-чара  Борбор Азия өлкөлөрүндөгү   абактарына агартуу саясатын иштеп чыгуу, эркинен ажыратылгандарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана алардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин коомчулукка аралашуусуна жардам берүү максатын көздөйт. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Тажикстан жана Өзбекстандын Жаза аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мейман  катары чакырылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз