Экономика

Ишкерлер менен мамлекет ортосунда диалог түзүү боюнча тегерек стол өттү image Фото: KTRK/videograp

24 Сент, 2019 131

"Ишкерлер коому менен мамлекет ортосундагы диалогду түзүү" аталышындагы эки күндүк талкуу Ысык-Көл облусунда өттү. Тегерек столдо өлкөдөгү ишкерликти колдоо жана аны коргоого багытталган маселелер талкууга алынды. Анын ичинде бизнес-омбудсмен институтунун ишмердүүлүгү, инвестициялык климаттын азыркы таптагы абалы, аны жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер жана айрым кемчиликтер боюнча сунуш пикирлер айтылды. 

Серепчилердин баамында Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн шарттар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген. Мындан улам мамлекет менен бизнес чөйрөнүн мамилесин бекемдөө менен ортодогу ишенимди арттыруу зарыл. Андыктан бул өңдүү эки тараптын бир аянтчада жолгуусу менен ишкерлер топтолгон суроолоруна түз жооп алып, айрым жагдайларды кыска мөөнөттө жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жаралат. 

Тегерек столго бардык бизнес ассоциациялардын, эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр, экономика министрлигинин, өкмөттүн жана Президенттин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин өкүлдөрү катышты.

“Биз үчүн ушул өңдүү аянтчаларда талкуулардын өтүп турганы жакшы. Анткени биз бардыгыбыз, бизнес ассоциациялар, региондордон келген өкүлдөр, жада калса өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, бардыгыбыз биригип мамлекеттик жеке өнөктөштүктү кантип алдыга жылдырсак болот деген несени талкуулап жатабыз”,- деди Президенттин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков.

“Кандай көйгөйлүү маселелер бар, аларды кандай жол менен чечишибиз керек деген маселелер боюнча ар бир бизнес тармактын өкүлдөрү өз варианттарын сунушташат. Кийин бул иш чаранын аягында биз бардык көтөрүлгөн маселелерди мамлекеттин алдына көтөргөнгө мүмкүнчүлүк бар”,- деп билдирди ЮСАИДдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун өкүлү Улук Кыдырбаев. 

“Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча мыйзамдагы өзгөрүүлөр каралды. Азыр белгилүү болгондой текшерүүлөргө мараторий киргизилген. Ушул убактан пайдаланып, мыйзамга жаңыланууларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени текшерүүлөр ишкерлерге түздөн түз таасир этет. Бул мыйзам ишкерлерге тоскоолдук жаратпастан, эң биринчи жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп, анан албетте тартипти орнотууга багытталышы керек. Ал үчүн мыйзамда талаптардын бары так жана даана жазылышы керек”, - деди Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз