Кырсык

Акыркы суткада өлкө аймагында канча өрт чыкканы белгилүү болду image

27 Сент, 2019 97

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. 

Ошондой эле куткаруучулар 4 чакыруу боюнча барып, жардам көрсөтүшкөн.

Сокулуктагы Новопокровка айылында турак үйдүн, сарайдын, мончонун чатыры жана тоют чөп өрттөндү. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жаракат алган жок. Өрттүн себеби белгисиз.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз