Спорт

Эл аралык мелдеш: куткаруучуларыбыз ийгилик жаратты image Фото: Биринчи радио

3 Май, 2016 649

Бишкек финасы-экономикалык академиясынын курамасы Түндүк Кипрде өткөн адамдарды издөө жана куткаруу боюнча студенттер арасындагы эл аралык мелдеште баш байгени багындырышты. Бул тууралуу "Биринчи радиого" команданын өкүлү Нурзат Сагынова билдирди. Анын айтуусунда, таймаштар 25-30-апрель күндөрү болуп, ага 10 мамлекеттен 20 команда катышкан.

Катышуучуларга 5 тоскоолдуктан өтүү тапшырмасы коюлган. Алар, "барчу жерди табуу", "урандылар алдынан куткаруу", "учакта жардам көрсөтүү", "түндө барар жерди тактоо", "жол кырсыгынан куткаруу, тез жардам көрсөтүү".

Мелдештин жыйынтыгында, БФЭА командасы байгелүү биринчи орунду ээледи. Экинчи катарга Түндүк Кипр,үчүнчү орунду Пакистандын командасы багындырды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз