Спорт

Бишкекте беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган мелдеш болуп өттү image

1 Окт, 2019 171

Бишкек шаарында беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган мелдеш болуп өттү. Турнир үч жолку дүйнө чемпиону Юрий Хоришконун жаркын элесине арналды. Мелдеште медалдардан сырткары, 2020-жылы өтүүчү Олимп оюндарына барууга упайлар ойнотулганына байланыштуу 18 мамлекеттен 53 спортчу катышты. 

Анын ичинде Бразилия, Гватемала, Жаны Зеландия жана АКШ бар. Жеке эсепте эркектер арасында Испания, Италия жана Туркиянын өкүлдөрү кирди. Атамекендик спортчу Родион Хрипченко алтынчы орунду камсыздады. Ал эми командалык эсепте Казакстан биринчи, Кыргызстан экинчи, Туркия үчүнчү орунга илиништи. Мындан сырткары, өспүрүмдөр арасында Атай Эркинбеков алтын, Руслан Клюкин күмүш медалга ээ болушту.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз