Өзгөчө кырдаал

Кыргызстандагы 28 ашууга кар тазалоочу техника коюлат image

10 Окт, 2019 146

Кышкысын Кыргызстандагы 28 ашууга кар тазалоочу техника коюлат. Азыр аларды оңдоп-түзөп, кышта иштөөгө ылайыктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Бардыгы болуп ашууларга 502 техника жөнөтүлсө, ушул тапта алардын 396сы ишке жарамдуу. 

Калгандары оңдолуп, даярдалып жатат. "Учурда жол тайгагына каршы каражаттар, атайын техникалар үчүн күйүүчү жана майлоочу майлар дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми кыш мезгилинде ашууларда иштөөчү кызматкерлердин өздүк коопсуздугу үчүн түшүндүрүү иштери өткөрүлүп жатат. Кыргызстанда жалпысынан 30 ашуу тилкеси бар. Алардын 28и жайы-кышы колдонулат. Экөөнү кыш мезгилинде жаап коюшат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз