Дүйнө жаңылыктары

Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операциясын баштады image

10 Окт, 2019 122

Түрк аскерлери Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштады. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Эрдоган билдирди.

Жортуул “Тынчтык булагы” деп аталды. Түрк лидеринин айтымында, анын максаты – “Ислам мамлекети” террордук тобуна жана аймактагы куралдуу күрд кошуундарына каршы күрөшүү.

Операциянын жүрүшүндө Анкара сирия-түрк чек арасында коопсуздук зонасын камсыздайт. Эрдогандын айтымында, муну менен сириялык качкындардын үйлөрүнө кайтышына шарт түзүлөт.

Бул арада CNN журналисттери Сириянын түндүгүндө жардыруулар болуп, согуштук авиация колдонулуп жатканын кабарлашты.

Сириянын демократиялык күчтөрү, күрд жана араб аскер кошуундары АКШ башында турган эл аралык коалицияга жана БУУга кайрылып, Сириянын түндүгүндө учак учпай турган зона түзүүгө чакырышты. Алардын пикиринде, Анкаранын жортуулу “гуманитардык катастрофага” алып келиши ыктымал.

Сирия ТИМи буга чейин Анкаранын алардын аймагында “коопсуздук зонасын” түзүү аракетин “эл аралык укукту” бузуу катары сыпаттаган.

Мындан үч күн мурун АКШ президенти Доналд Трамп Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Анкаранын операциясына аралашпай турганын айткан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз