Дүйнө

Бразилия президенти Дильма Русеффке импичмент жарыяланышы мүмкүн image

10 Май, 2016 1068

Бразилия парламентинин төмөнкү палатасы президент Дильма Русеффке импичмент жарыялоого кайрадан добуш берет. Кечээ палатанын төрагасынын милдетин аткаруучу Валдир Мараньау 17-апрелдеги чечимди жокко чыгарды. Анда 367 депутат президенттин отставкасын талап кылып добуш беришкен. Негизги демилгечилердин бири, мурдагы спикер Эдуард Кунья паракорлукка шектелип, сот чечими менен кызматынан ажырагандан кийин Төмөнкү палатада Русеффин тагдырын кайра кароо демилгеси көтөрүлө баштаган. Кайталап добуш берүү эртең 11-майда жүргүзүлөт. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз