Энергетика

ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду image

10 Май, 2016 4990

Кыргызстан менен Кытайдын өкүлдөрү чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Чакан ГЭСтердин эл аралык борбору  ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча стратегияны ишке ашырууда  кыргыз Өкмөтү менен биргелешкен кызматташтыкка кызыктар болууда. Макулдашуу Гуанчжоу шаарында Эфиопия, Нигерия жана Перунун өкулдөрү катышкан жыйында жетишилген. 

Макулдашууга 6-май күнү  Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция тартуу агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу менен Кытайдын  Гуанчжоу шаарындагы Ченг Хиалей чакан ГЭС боюнча Эл аралык борборунун башкы директору  кол коюшкан. Аталган борбор энергия булактарын калыбына келтирүү, айрыкча чакан ГЭСтерди дүйнө жүзүнө жайылтуу максатында негизделген. Адилбек уулу Шумкарбектин айтымында, бул  борбор  Кыргызстан менен бул багытта кызматташууга көптөн бери кызыктар болуп келген.

Чакан ГЭС боюнча Эл аралык борбор  Индустриалдык өнүгүү боюнча Бириккен улуттар уюму менен Кытай өкмөтүнүн биргелешкен аракетинин натыйжасында негизделген. Мындай ири борбордун Кыргызстан менен кызматташуусу өлкөнүн аброюн эл аралык каржы  уюмдарынын алдында дагы бир канча денгээлге көтөрөт –деген ишеним болууда.

Адис бул макулдашуу аркылуу Кытайдан сырткары эл аралык каржы уюмдары менен мамиле түзүүгө болоорун кошумчалады. Ал арада эксперт Бекбоо Маматбеков бул эл аралык уюм менен болгон макулдашууга оң баасын берип, колдон келсе өзгөчө ири ГЭСтерди дагы салууга басым жасалашы керек-деген пикирин билдирди.

Бекбоо Маматбеков, өлкөдө ГЭСтерде гана эмес, жалпы энерго системада абал коопту экенин эскертет. Андыктан ал азыркы күндө жалпы эле тармакка  көп каражат талап кылынарын кошумчалайт. Ал эми буга чейин буга окшогон көптөгөн меморандумдарга кол коюлуп, бирок жыйынтыгы байкалбай калган учурлар көп эле болгонун эксперт Карыпбек Алымкулов эске салат. Энергетика боюнча адистин баамында чакан ГЭСтерге караганда азыр ири ГЭСтерди куруу көбүрөөк пайдалуу болуп турат.

Кыргызстанда Токтогул ГЭСинен сырткары Атабашы, Күрпсай, Ташкөмүр, Үчкоргон, Шамалдысай ГЭСтери бар. Буга чейин атайын түзүлгөн комиссия  алардын техникалык абалын иликтеп, тиешелүү план даярдары жана ага жараша ГЭСтерди жаңылоо иштери жүргүзүлөрү маалымдалган. Ал арада энергетиктер калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын убада кылышууда. Алардын  айтымында бүгүнкү күндө калкка жетиштүү көлөмдө резервдер бар.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз