Интернет жана технологиялар

БАЭ Кыргызстанга санарипти өнүктүрүү үчүн техникалык жардам берет image

22 Окт, 2019 141

Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга санарипти өнүктүрүү үчүн техникалык жардам берет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин алкагында Бириккен Араб Эмиратынын Экономика министри Султан бин-Саид Ал Мансури менен жана Дубайдын Полиция жетекчиси Абдаллах Халифа Ал Марри менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты.

Анда Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында программалык жабдуу жана техникалык жардам берүү жөнүндө сөз болду. 2019-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланып, өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, мектеп, оорукана жана башка социалдык объектилерди электрондук кызмат көрсөтүүгө өткөрүү аракети көрүлүп жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз