Экономика

Ишкерлерге жагымдуу шарттар түзүлөт image

10 Май, 2016 1089

Ишкерлик кылууну каалаган жеке жарандарды эми Мамлекеттик салык кызматы акысыз каттоого алат. Бул тууралуу  аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов маалымат жыйында билдирди. Буга чейин жеке ишкерлерди Улуттук статистика комитети каттап келсе, эми салык кызматы акысыз каттоого алып, ишкерликке жагымдуу шарт түзүп берет. Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта эле 13 миңге жакын жеке жактар каттоодон өткөн.

Мамлекеттин киреше бөлүгүнүн 80 пайызын салыктардан турат. Ал эми салыктын негизги бөлүгүн ишкерлер төлөйт. “Андыктан ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү максатында, жеке ишкерлерди акысыз каттоону баштадык”- дейт Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов.  Буга чейин колунда каражаты бар жарандар ишкерлик ачууда кыйла убаракерчилик тартып, тоскоолдуктарга туш келип келген. “Мына 1-майдан тарта эле аталган кызмат аркылуу 13 миңге жакын жеке жактар каттоодон өттү”- дейт Осмонов.  

Ошондой эле 2016-жылдын апрель айында салыктар жана төлөмдөр боюнча план 105пайызга аткарылды деп кошумчалады Замирбек Осмонов. Анын айтымында, 2015-жылдын апрель айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү  48 пайызга жогорулаган. Быйылкы жылдын январь-апрель айларында 20 млрд 107млн сом салыктар чогултулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 38 пайызга көбөйгөн.

Декларациялык кампаниянын жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов маалымат берди. Үстүбүздөгү жылдын 10-майына карата бирдиктүү салык декларациясын 4 миңге жакын салык төлөөчү тапшырган.  Ал эми өз убагында декларацияны тапшырбаган 213 салык төлөөчү административдик жоопкерчиликке тартылган.

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 78 млрд 830 млн сом суммасындагы салык жана төлөмдөрдү чогултуу милдетин алган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 29 пайызга көп.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз