Коом

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына мамлекеттик деңгээлде белгиленди image Фото: KTRK/videograp

28 Окт, 2019 378

Улутубуздун улук уулу - көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги маараке 26-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда белгиленди. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Улуу инсандын тарыхта калган эмгек жолун чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок райондогу стадиондо көрсөтүлдү. 

Мамлекет башчы алгач Кадамжай районундагы мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун айкелине гүл чамбар коюп, андан соң ишмер инсандын музейи менен таанышып, андагы эскерүү китебине Абдыкадыр Орозбековдун элесине таазим эткен эскерүү жазуусун калтырды. Музей кызматкери улуу инсандын тарыхта калган эмгектери тууралу баяндады.                                                 

Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө улутубуздун улуу инсаны Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекетин түптөөдөгү эбегейсиз эмгегин баса белгиледи.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр  Орозбековдун 1889-жылы жарык дүйнөгө келип, атасынан эрте ажырап, кедейликтин  запкысын бала кезинен тарткан. 1918-жылы 28 жаш курагында большевиктердин катарына өтүп, Кызыл Армиянын  Фергана штабында алгач кызыл гвардиячы, кийин командири болуп дайындалган. Жер-жерлердеги элдик бийликтерди бекемдөө боюнча зор эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл-Туу ордени менен сыйланган. 1925-жылдан 1937-жылга чейин 3 жолу  мамлекеттик жогорку кызматка шайланган; 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу  облусунун аткаруу комитетине төрагалык кылган; 1926-жылы Кыргыз автономиялуу  облусу түзүлүп, Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон; 1936-жылы Кыргыз  АССРи союздук республика болуп кайрадан түзүлүп, ошол жылы Кыргыз ССРинин  Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 

Эгер тарых барагына сереп сала турган болсок, Абдыкадыр Орозбеков жетекчилик кылган 12 жылдын ичинде өнөр жай өнүгүп, республикада көптөгөн завод-фабрика ишке кирген, миңдеген жумуш орундары түзүлгөн. Кыргыз элинин жаркын келечегин баарынан жогору койгон Абдыкадыр Орозбеков чыгаан, таланттуу, мекенчил жетекчилерди кызматка даярдаган. Жок жерден жалаа жабылып, бүт өмүрүн элинин эркиндиги, жакшы жашоосу, эртеңки келечеги үчүн арнаган кыргыздын кыраан уулу — Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынган. Сегиз ай кыйноодон  кийин, "эл душманы" деп аталып, 1938-жылы атылып кеткен. Анын артында калган жубайы, эки уулу жана бир кызы адилетсиз куугунтукка кабылышканын Абдыкадыр Орозбеков атындагы фонддун төрагасынын орун басары Роза Курбанкулова белгиледи.                                                     

Орозбеков түрмөдө адам чыдагыс, адам көтөргүс кыйноолорду баштан кечирди. Бирок, ал өзүнүн көкүрөгүндөгү чындыгынан, өз акыйкатынан, адилеттүүлүгүнөн жана мекенчилдигинен тайган эмес. Акыркы деми калгыча элине, жерине,  өлкөсүнө болгон сүйүүсүн,  урматын сактаган,  адамдык идеалын бекем тутунуп, келечек үчүн жан берген!  Акыйкаттык жеңип, 1956-жылы Абдыкадыр Орозбеков толук акталган.                                                                                                                           Чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата Баткен облусунун Кадамжай районунда уюштурулган салтанаттуу иш-чарага мурунку өкмөт башчы Апас Жумагулов, Парламенттин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов жана  башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер, Тажикстан жана Өзбекстандан расмий өкүлдөр катышты.                                                   

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз