Аналитика

Коррупциядан келтирилген зыяндардын орду толтурулууда image

12 Май, 2016 32768

Нариман Түлеевден 61 миллион сомго жакын каражаттын өндүрүлүшүн паракорлукка каршы күрөшүүнүн үзүрү катары бааланууда. Экс-мэрдин мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүү уланып жатат. Паракорлукка айыпталгандарды камоо менен чектелүү пайда алып келбестигин айткандар арбын. Коррупцияга каршы чыныгы күрөш уурдалган каражаттарды казынага кайтаруу менен коштолушу зарыл экенин белгилешет.

Нариман Түлеевдин абактан бошотулушу бир жагынан коомчулукта таң калууну жаратса, ал мамлекетке кайтарып берген каражаттын көлөмү да көпчүлүктү кайдыгер калтырган жок. Экс-мэрден 61 миллион сомдун өндүрүлүшүн паракорлукка каршы күрөштүн эң ири жемиши катары баалагандар да бар. Мындай жеңиш жалгыз мурдагы калаа башчысына байланыштуу гана жетишилдиби же мактана турган башка көрүнүштөр да барбы?  

Баш калаанын мурдагы башчысы 61 миллион сомго жакын каражаттын 14 миллионун акчалай төлөп, калганын 11 батирин мамлекеттин эсебине өткөрүү менен кутулган. Эми камакта болуп келген дагы бир катар кыймылсыз мүлктөрү, жер тилкелери жана кымбат баалуу автоунаалары алынат. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин катчысы Нурипа Муканова бул көрүнүштү паракорлукка каршы күрөшүүнүн чыныгы натыйжасы деп эсептейт. Ал экс-чиновниктерди абакта кармап отурбай, келтирилген зыяндын ордун толтуртуп кое берүү көп өлкөлөрдө тажрыйбаланаарын айтууда.

Коррупция шарттаган зыяндардын ордун толтуруудагы аракеттер экс-мэрдин ишине байланыштуу гана жасалган жок. 2015-жылдын 11 айында эле 1 миллиард 476 миллион сомдон жогору каражат мамлекеттин эсебине кайтарылганы кабарланган. Былтыр 232 миллион сомдон ашуун акча кыска убакыттын ичинде, тергөө жүрүшүндө казынага кайра толтурулган. Бир жылда келтирилген зыяндын орду  мурдагы паракорлук көрүнүштөрдүн бетин ачуу менен толукталып жатат. Бул соттук териштирүүлөрдүн узакка созулушуна байланыштуу.

Бирок, эл аралык уюмдар коррупциялык көрүнүштөрдүн бетин ачып, аларды аныктоо бул илдетти жоюунун жалгыз чарасы эместигин белгилеп келишет. Паракорлукту шарттаган көрүнүштөргө көңүл буруу зарылчыгы бар. Коргоо Кеңеши бул багытта да бир катар чечимдерди кабыл алып, алардын жыйынтыктарына да иликтөөлөрдү жүргүзүүдө. Алдыдагы негизги максат коррупцияга каршы кадрлардын деңгээлин көтөрүү, мамлекеттик сатып алуулардагы ачык айкындуулукту камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле мыйзамдардын бири-бирине карама-каршылыгы да жемкорлукка жеңил олжо болууда.

Бирок жогорудагы айрым көйгөйлөр жоюлганын айткандар да бар. Өкмөттүн Коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев мамлекеттик сатып алуулар, конкурс, аукциондор жөнгө салынды деп ишендирет. Жалпы паракорлук да кыскарып жатат деген пикирде.

Коррупцияга каршы күрөшүү Коргоо Кеңеши өзгөчө көңүл бурган маселе. Анын алдында паракорлукту шарттаган көрүнүштөрдү изилдеген атайын жумушчу топ түзүлүп, ал 54 ирет жыйын өткөргөн. 21 мамлекеттик орган боюнча деталдуу пландар бар. Ар бир мекемеге коррупцияга каршы иш-чараларды жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Кандай гана аракеттер көрүлбөсүн көпчүлүк жемкорлуктун кесепети менен келтирилген зыяндар жоюлуп, казынага каражаттар кайтарылышы керек экенин белгилешет. 

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз