Дүйнө жаңылыктары

Эрдоган менен АКШ президенти Трамп Вашингтондо жолугушат image

11 Нояб, 2019 149

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен АКШ президенти Дональд Трамп 13-ноябрь, Вашингтон шаарында жолугушары маалым болду. Эки өлкө башчысы бул тууралуу 6-ноябрдагы телефон аркылуу маек учурунда макулдашышкан. 

АКШнын Президентинин айтымында, маек жакшы өткөн жана анда өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган террористтик уюмга каршы күрөшүү тууралуу сөз болгон. 

Эрдоган Трампка экстремисттик топтун лидери Абу Бакр ал-Багдади жок кылынган соң Сириядан качып кеткен террорчулардын кармалганы боюнча айтып берген.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз