Science and Education

Тез тамактануу көптөгөн ооруларды пайда кылат image

13 Май, 2016 595

Абдан тез тамактануу көптөгөн ооруларды пайда кылат. Литвиялык окумуштуулар аз чайнап, бат таамактанган адамдар ашыкча салмакка жана кант диабетинин тез кабылат. Мындай жыйынтык  700дөн ашык адамдын катышуусундагы сыноодон кийин белгилүү болгон. Алардын 334 түндө кант диабети пайда болгондугу аныкталган. Анда ар бир катышуучу изилденип, оорулардын пайда болушуна түрдүү факторлордун таасири далилденген. Литвия медицина университетинин адистеринин айтымында адам канчалык чоң-чоң сугунганда курсагына ошончо көп кирип, жеген тамагы көбөйө берет. Мындан улам семирүү жана кант диабети башталат.

Оруссиялык окумуштуулар жаракат алып  өспөй калган манжаны өстүрөт. Профессор Александр Тепляшин башында турган дарыгерлер 25 жаштагы кыздын бала кезинде жаракат толук өспөй калган манжасын өстүрүү аракетин көрүштү. Сөөктү же этти өстүрүү ыкмасы буга чейин жаныбарларга колдонулуп келген. Ал эми донорлордун манжасын алуу жакшы жыйынтык бербейт.  

 Себеби, башка адамдын манжа сөөктөрү көпчүлүк учурларда башка органдардан жакшы өсүп кете албайт жана донорлорду табуу кыйын. Дарыгерлер колдоно турган ыкманы АКШ менен Евро биримдиктин окумуштуулары патентеген технологияны колдонушат. Анда минералдык аралашмалары адам клеткалары менен 28 күн атайын жабдыкта кармап. Кийин даяр болгон минералдык кошулманын жардамы менен жасалма түрдө кыска манжага улантып өстүрүү аракеттин көрүшүүдө.

Тынч океанда жайгашкан аралдар жоголуп кетүү алдында турат. Анткени 70 жыл аралыгында ар бири 5 гектарга чейинки аймакты ээлеген 5 арал суу алдында калган. Мындай абал океан суусунун деңгээлинин  жогорулоосунан болууда-деп Квинсленд менен Тасмания университетинин окумуштуулары билдирип чыгышты. Анын аркасында аралдарда өскөн өсүмдүктөр жоголуп жатат. Адистердин пикиринде мындай кырдаал  аба температурасынын жогорулоосунан жана шамал күчүнүн күчөгөндүгүнөн болууда. Мунун аркасында суунун деңгээли орточо эсеп менен 3 миллиметрге көтөрүлүүсү болжолдонсо, жылына 7  миллиметрге чейин жогорулап жатат. Азыркы маалда 6 аралдын суу алдында калуу коркунучу турат.

Мирбек Сакенов, «Биринчи радио»

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз