Ден соолук

Антибиотиктерди туура эмес пайдалануу өлүмгө дуушар кылат image

19 Нояб, 2019 515

Антибиотиктерди туура пайдалануу- өмүрдү сактайт! Мына ушундай ураан менен Кыргызстанда күчтүү дары каражаттарын туура колдонуу боюнча бир жумалык башталды. Анын алкагында ар кандай маалымат арттыруучу иш-чаралар өткөрүлөт. 

Адистердин белгилешинче, жарандардын мындай препараттарга болгон туура эмес мамилеси олуттуу ооруга кабылганда пайдасыз болуп калуусуна шарт түзөт. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Европада жылына 25 миңден ашык адам бактериалдык инфекциянын айынан көз жумат. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды аталган препараттарды абайлап колдонууга чакырат. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз