Өзгөчө кырдаал

Жарандык коргонуу уюму техникалык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө image

13 Май, 2016 746

Эл аралык Жарандык коргонуу уюму табигат кырсыктары болгон учурда Кыргызстанга техникалык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов аталган уюмдун Бишкекте өткөн Башкы Ассамблеясынын 22-сессиясында билдирди. Эл аралык уюмдун кезектеги жыйыны алгачкы ирээт штаб-квартирасынан сырткары өлкөдө өтүп жатат. Иш-чарада бир катар документтерге кол коюулуп, сүйлөшүүлөр орун алды. Андан сырткары Ала-Арча капчыгайында тоо шартындагы куткаруучулардын жана суучулдардын окуу-машыгуусу өтүүдө.

Эл аралык Жарандык коргонуууюмунун отуруму 11-майда башталган. Анда Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышып, дүйнөлүк обройлуу уюмдун кезектеги иш-чаралары Кыргызстанда өтүп жатканы маанилүү экендигин билдирген. Өлкөдө ар кандай табигый кырсыктар көп катталып жаткан учурда, уюмга мүчө өлкөлөр өз тажрыйбасы менен бөлүшүүсү зарыл.

“2016-жыл Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун тарыхындагы  маанилүү баскыч болуп саналат. Алгач ирет Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун  иш-чарасы өз Штаб-квартирасынан тышкаркы аймакта өтүүдө. 2012-жылдан тарта ар  жыл сайын Кыргызстан аймагында Эл аралык Жарандык Коргонуу уюму менен тыгыз кызматташтыкта Уюмга мүчө өлкөлөр үчүн тоодо куткаруу жана суучулдар үчүн эл  аралык даярдык курстары өткөрүлөт. Кыргызстан үчүн бул маселе абдан актуалдуу.  Анткени өткөн жылы эле республиканын аймагында 200дөн ашуун ири өзгөчө кырдаал  орун алды, материалдык зыяндын көлөмү он миллиондогон АКШ долларына бааланды”. 

Жыйында Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Аалы Карашев Мамлекет башчы Алмазбек Атамабевдин куттуктоо катын окуп берди. Анда Президент жарандык коргонууга арналган сессияда,жаратылыш кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо жана кырсыктар менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча маанилүү долбоорлор, документтер кабыл алынаарына ишенерин билдирди.

Кыргызстан уюмдун аткаруу комитетинин курамына мында эки жыл мурун Башкы Ассамблеянын 21-сессиясында кабыл алынган. Андан бери уюмга мүчө мамлекеттер Кыргызстанда болгон жаратылыш кырсыктары учурунда техникалык жана гуманитардык  жардамдарды көрсөтүп келет – билдирди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

Аталган уюмга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү жыйындын жүрүшүндө  Кыргызстандын тоо шартындагы куткаруучуларынын жана суучулдарынын тажрыйбасын колдонууга чакырып өттү.  Кыргызстан өзүнүн географиялык жактан жайгашуусунда тоолорго жана көлдөргө бай. Андыктан бул багытта кыргыз куткаруучуларынын тажрыйбасы чоң – дейт Эл аралык Жарандык коргонуу уюмунун башкы катчысы Владимир Кувшинов.

“Жарандык коргонуунун эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттерде  жана башкы-штабында да кырсыктарда бирге аракеттенүү багытындагы борборлор бар.  Эми аларды бирге иштешүүсүнө шарт түзгөн келишимдерди түзүшүүбүз керек. Маселен  Кыргызстанда 5 жылдан бери куткаруучуларды даярдоо боюнча окуу-машыгууларды  өткөрүп келебиз. Ошондой эле  Кыргызстандын тоо шартындагы куткаруучуларынын  жана суучулдарынын тажрыйбасын колдонуубуз   керек”.

Ал эми 13-майда Ала-Арча капчыгайында тоо шартындагы куткаруучулардын жана суучулдардын окуу-машыгуусу өтүп, Кыргызстанга бул эки багыттагы куткаруучуларды окутууга мүмкүнчүлүк берген диплом тапшырылат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз