Кылмыш

Теракт боюнча айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн image

20 Нояб, 2019 250

Орусия прокуратурасы Санкт-Петербург метросундагы теракт боюнча айыпталгандар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сурады. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Надежда Тихонова Москва округдук сотунун көчмө жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тергөө маалында айыпталуучулардын күнөөлөрү толук далилденген.

Бул иште бир тууган Аброр жана Акрам Азимовдордон тышкары дагы тогуз киши айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар «Террордук уюмдун ишине катышуу», «Теракт жасоо» жана «Мыйзамсыз курал-жарак жасоо» беренелери боюнча айыпталууда.

11 соттолуучунун ону күнөөлөрүн мойундарына алышкан эмес. Санкт-Петербургдагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү айыпталуучулардын бири Мухамадюсуп Эрматовдун кыйноого кабылгандыгы тууралуу билдирүүсүн текшерүүнү талап кылышкан. Мындан тышкары бир тууган Азимовдор дагы сурак маалында кыйноого алынганын айтышкан.

Петербург метросундагы жардыруу 2017-жылы 3-апрелде болгон. Анда 16 адам каза таап, жүздөн ашык киши жаракат алган. Тергөө комитети жардырууну 22 жаштагы Акбаржон Жалилов аткарган деп билдирген.

Бул терактка шектүү катары кармалгандар негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары, арасында бир тажикстандык бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз